Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ОСАГО боюнча 3,1 млн сомдон ашуун камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү
«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК жол-транспорт кырсыктарынан жабыркаган жарандарды колдоо жана алардын мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу максатында ОСАГО боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жүргүзүүнү улантууда.
2026-жылдын 2-июнуна карата өлкө боюнча ОСАГО камсыздандыруусу алкагында жалпы 31 жаранга жана юридикалык жакка 3 миллион 102 миң 224 сом 82 тыйын өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү төлөндү.
Төлөмдөр Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган жол-транспорт кырсыктарынан жабыркаган камсыздандырылган жарандарга жана уюмдарга жүргүзүлдү.
ОСАГО системасы жол кырсыгынын натыйжасында үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтурууга мүмкүндүк берип, жарандардын финансылык тобокелдиктерин азайтууда маанилүү роль ойнойт. Ар бир камсыздандыруу окуясы боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, төлөмдөр белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылууда.
«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК жарандарды өздөрүнүн жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн ОСАГО полисин өз убагында тариздөөгө чакырат.
ОСАГО — жолдогу коопсуздуктун жана финансылык коргоонун кепилдиги.