"Эркин-Тоо"

Мамлекеттик мекемелерде коронавируска каршы эмдөө акысыз жүргүзүлсө, жеке менчик медициналык борборлор акылуу негизде эмдеши мүмкүн

Коронавируска каршы вакцинаны мамлекет сатып алат. Ал эми калк акысыз эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова жергиликтүү маалымат булактарына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик медициналык мекемелерде коронавируска каршы эмдөө акысыз. Дүйнөдө вакцинанын бир дозасы 6-8 доллардын айланасында турат. Аны мамлекет сатып алып, элди бекер эмдейт. Биринчи этапта 75 миң адамга эмдөө жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда жеке менчик медициналык борборлор вакциналарды сатып келип, акылуу негизде эмдеши мүмкүн. Анткени ага тыюу жок.
29-марттан тартып өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталды. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бул үчүн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда атайын пункттар ачылды.

Пример HTML-страницы