Манас шаарында жаңгак-мөмө токойлорун сактоо боюнча эл аралык илимий конференция өтүүдө
Манас шаарында Кыргызстандын табигый сыймыгы саналган реликтүү жаңгак-мөмө токойлоруна арналган эл аралык илимий конференция өтүп жатат. Иш-чара “Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору дүйнөлүк жаратылыш мурасы жана биологиялык ар түрдүүлүк, климат жана туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык кенч” деген аталышта уюштурулду.

Конференцияга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 20га жакын окумуштуу, эколог жана эксперттер катышууда. Алар адамзат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон уникалдуу экосистеманын учурдагы абалын, аны сактоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү маселелерин талкуулап жатышат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн адистери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.
Жыйындын жүрүшүндө миңдеген жылдардан бери сакталып келген жаңгак-мөмө токойлорунун дүйнөлүк табигый мураска тете мааниси, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу ролу, климаттын өзгөрүшүнүн таасири, ошондой эле экологиялык коркунучтар, зыянкечтердин көбөйүшү жана табигый кырсыктардын алдын алуу маселелери кеңири көтөрүлүүдө.
Адистер белгилегендей, Кыргызстандын реликтүү жаңгак-мөмө токойлору жөн гана токой эмес, климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берген табигый калкан, сейрек өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын мекени, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги баа жеткис жаратылыш мурасы болуп саналат.
Конференциянын максаты эл аралык илимий кызматташтыкты күчөтүү, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаңгак-мөмө токойлорун сактоо боюнча жаңы демилгелерди иштеп чыгуу болуп эсептелет. Катышуучулар бул жаратылыш байлыгын коргоо бир гана мамлекеттин эмес, жалпы адамзаттын жоопкерчилиги экенин белгилешүүдө.

Жыйынтыгында жаңгак-мөмө токойлорун сактоо, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча бир катар сунуштар кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул демилгелер дүйнөлүк маанидеги табигый мурастын келечек муундарга сакталып берилишине өбөлгө түзмөкчү.