«Манас» театры ачылды
Бишкекте Кыргыз улуттук «Манас» театры ачылды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады. Театрдын ачылыш аземине манасчылар жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышкан. Министрлер кабинетинин токтому менен мекеменин жетекчиси болуп Азиз Биймырза уулу дайындалды.