Маникюр, стоматология жана кан аркылуу жугат: гепатит Вге каршы вакцина акысыз

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Медицина 177

Кыргызстанда ар бир жаран гепатит В вирусуна каршы акысыз эмдөөдөн өтө алат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.

Эмдөө алуу үчүн жаран жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылып, экспресс-тестке жолдомо алышы керек.

Эгер анализде гепатит В вирусу аныкталса, эмдөө жүргүзүлбөйт. Вирус табылбаса, жаран эмдөөгө жөнөтүлөт.

Экспресс-тест жана вакцина алуу акысыз жүргүзүлөт. Толук эмдөө курсунан кийин организмде кеминде 10 жыл сакталуучу туруктуу иммунитет калыптанат.

Адистер белгилегендей, вакцина гепатит В вирусунан, анын ичинде кан аркылуу жугуучу стоматологиялык процедуралар, маникюр жана башка учурлардагы коркунучтардан коргонууга жардам берет.

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Медицина 177
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X