"Эркин-Тоо"

Марипов Улукбек Асамидинович

Марипов Улукбек Асамидинович — Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы экс-төрагасы

Туулган жылы:

30-август, 1979–жыл

Туулган жери:

Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата айылы

Билими: Жогорку.

2001-жылы Ош технологиялык университетин жана Ош мамлекеттик университетин «финансы жана кредит», «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:  

1997-2001-жж. «Кызыл-Кетмен» дыйкан чарбасынын төрагасы;

2001-2002-жж. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 1-категориядагы адиси, алдыңкы адис;

2002-2003-жж. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Киреше боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

2003-2005-жж. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы, губернатордун жардамчысы;

2005-2006-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, депутаттын консультанты;

2006-2008-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти;

2008-2008-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, уюштуруу жана көзөмөлдөө иши секторунун эксперти;

2008-2009-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, уюштуруу жана көзөмөлдөө иши секторунун мамлекеттик инспектору;

2009-2010-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, уюштуруу-инспектордук иштер секторунун инспектору;

2010-2010-жж. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

2010-2011-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, инспектор;

2011-2015-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы;

2015-2016-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

18.03.2016-19.03.2016-ж. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, аудитор;

2016-2021-жж. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, төрага;

2021-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, ушул эле жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы болуп дайындалган.

Улукбек Марипов мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!