Марлен Маматалиев Сагиба Гафарова менен жолугушту
Бүгүн, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Азербайжан Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана боордош мамлекет экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекемдөө маанилүү экенин айтты. Ошондой эле энергетика, логистика, айыл чарба жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Төраганын айтымында, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери жалпы суммасы 24 млн АКШ долларынан ашкан 11 инвестициялык долбоор жактырылган.
Өз кезегинде Сагиба Гафарова эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды, анын ичинде депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин кызматташуусун активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал Азербайжан парламентиндеги Кыргызстан менен достук тобунун курамында 35 депутат бар экенин кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-азербайжан достугун жана союздаштык мамилелерин мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Андан соң делегация үчүн Жогорку Кеңештин имараты боюнча экскурсия уюштурулуп, заманбап музей жана жаңыланган жыйындар залдары көрсөтүлдү.