Матраимов менеджерби, же коррупционерби? Президенттин жообу — ВИДЕО

24-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

КР Президенти Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында журналисттердин бири:
“Матраимов менеджер, аны кайра алып келиш керек деп айтып жүрүшөт. Ал эми башкы прокуратура ошол эле учурда Матраимов 17 фурадан ар биринен 860 доллардан алып турган деп журналисттик иликтөөнү ырастап берген, аны сиз дагы билесиз. Аны Матраимов өзү да моюндап, бюджетке 2 миллиард сом төлөдү. Ошондо Матраимов менеджерби, же коррупционерби?”, — деген суроо узатты.
Садыр Жапаров: » Ал өз күнөөсүн мойнуна алды. Матраимов 2 миллиард сом бюджетке төктү. Андан сырткары соода борбору, үйлөрүн берди. Ал берген үйлөр медиктерге берилди”, — деп жооп берди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаровдун бул тууралуу толук жообун төмөнкү видеодон көрө аласыздар:

24-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X