"Эркин-Тоо"

Медайымдар эми диагноз коюп, дары жазып да бере алышат

Ленин райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун медайымдык иштери боюнча орун басары Нурзийнат Тавалдиева «Дени сак адам — гүлдөп-өнүккөн өлкө» программасына ылайык, медайымдардын билим алуусу, иш учурундагы фунциялары кеңейтилерин билдирди. Анын айтымында, мурда медайымдар дарыгердин жардамчысы гана болсо, эми ал өзү бейтаптарга баштапкы медициналык жардам көрсөтүп, компетенциясына жараша диагноз кое алат жана дары жазып бере алат. «Андыктан практикалык бөлүктү жана окуу мөөнөтүн көбөйтүп, медайымдарга сапаттуу билим берүүнүн үстүнөн иш алып барылууда. Мындан тышкары, жогорудагы реформанын негизинде медайымдардын штаттык стандарты жана жүктөмүнүн нормасы 1000 адамга бир медайым деп белгиленген», — деди Тавалдиева ММКлардын бирине берген маегинде.

Пример HTML-страницы