Медербек Алиев БУУнун Генассамблеясында сөз сүйлөдү
Жогорку Кеңешнин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Бириккен Улуттар Уюмунун IMRF 2026 алкагында өткөн жыйында баяндама жасады. Иш-чара Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Генералдык Ассамблеясында өттү.
Баяндамада мыйзамдуу жана коопсуз миграцияны өнүктүрүү, мигранттардын укуктарын коргоо жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле Кыргызстандын миграция жаатындагы жүргүзүп жаткан саясаты жана бул багыттагы эл аралык демилгелери тууралуу маалымат берилди.
Форум Коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча Глобалдык келишимдин аткарылышын талкуулоо жана мамлекеттер ортосунда тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.