Медербек Сатыев КМШнын Экономикалык сотунун Пленумуна катышты
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык сотунун Пленумунун жыйынына катышып, сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Медербек Сатыев куттуктоо сөзүндө КМШнын Экономикалык соту Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы укуктук кызматташтыкта өзгөчө орунду ээлерин айтты. Анын белгилешинче, соттун ишмердиги эл аралык келишимдерди жана башка укуктук актыларды бирдей түшүнүүгө жана колдонууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле ал соттун ишин өркүндөтүү, Регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Илимий-консультативдик кеңештин ишмердигин өнүктүрүү зарылдыгына токтолду. Медербек Сатыев Кыргызстандын Жогорку соту КМШга мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Пленумдун жыйынына КМШнын Башкы катчысынын орун басары Нурлан Сейтимов, Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Андрей Швед, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев жана Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасы Игорь Краснов да катышты.
Жыйында КМШнын Экономикалык сотунун төрагасы Герман Нурбаев негизги баяндама менен чыгып сүйлөдү. Катышуучулар Соттун Регламентине жана Пленумдун 2024-жылдын 25-апрелиндеги токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин карашты.
Жыйын конструктивдүү диалог жана пикир алмашуу менен өттү. Катышуучулар жетишилген макулдашуулар КМШнын алкагында сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.