Медиаторлор палатасынын уюштуруу съезди болот
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2026-жылдын 14-мартында саат 09:00дөн 18:00гө чейин Hyatt Regency Bishkek мейманканасында Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын уюштуруу съездин өткөрөт.
Съезддин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын уставы, медиатордук кесиптин этикасы жана палатанын ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка уюштуруу-укуктук маселелер каралат.
Иш-чара медиатордук институтту өнүктүрүүгө, кесиптик бирикмени түзүүгө жана талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерлерине кайрылсаңыздар болот:
Каримбекова Анара Камытовна — +996 770 511 811
Баратова Айнура Эрнисовна — +996 778 220 004
Халелова Ботагоз Ерлановна — +996 555 960 008