Бингемтон университетинин окумуштуулары медитациянын мээнин иштешине тийгизген таасири боюнча изилдөө жүргүзүштү. 8 жумага созулган экспериментте катышкан 10 ыктыярчы студент жумасына беш жолу 10 же 15 мүнөт бою медитация жасашкан. Буга кошумча алар медитациянын маданий мааниси жана анын айыктыруучу касиети тууралуу маалымат алышкан.
Адистердин айтымында, изилдөөнүн жыйынтыктары Альцгеймер оорусун жана аутизмди изилдөө үчүн колдонулушу мүмкүн.