Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

12-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 37

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү. Рейтинг Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы менен жаңыланды.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова жакынкы күндөрү Осло шаарында өткөнг дүйнөлүк чемпионатта (68 кг) алтын медаль жеңип алган.

68 кг салмактагы балбандар арасындагы дүйнөлүк рейтинг төмөндөгүдөй:

1. Тамира Сток Менса (АКШ) — 123 упай

2. Мээрим Жуманазарова — 114 упай

3. Блэссинг Оборудуду (Нигерия) — 90 упай

4. Ханум Велиева (Россия) — 65 упай

5. Адела Ханзликова (Чехия) — 42 упай.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X