Мээрим Жуманазарова Польшада алтын медаль тагынды

29-август, 2026-ж. / Редакция / Спорт 110

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Польшада өткөн эл аралык турнирде алтын медаль жеңди.

Ал аялдар күрөшү боюнча 68 кг салмак категориясында жеңүүчү аталды.

Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026 турнири Варшава шаарында 26–30-август күндөрү өтүүдө.

Кыргызстандын балбандары мелдеште буга чейин бир нече алтын жана коло медаль утуп алышкан.

29-август, 2026-ж. / Редакция / Спорт 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X