"Эркин-Тоо"

МЕКТЕП МИТИНГ “ОЧОГУБУ”?

Саясатташкан коомдун шапатасы мектеп окуучуларына жетти. Мектепте окуу куралын пайдалануу унутулуп, жеке кызыкчылыктардын аркасында окуучуларды курал катары пайдалана башташты. Бул жакшы жөрөлгө эмес. Кечээ Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатынын окуучулары эртең менен сабак окугандын ордуна митингге чыгышты. Жаңы дайындалган директордун иштешине каршылыгын билдирип, кыйкырык-сүрөөн салышты. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча №1 мектепинтернатынын мурдагы директору Нургүл Матканова бир нече ирет одоно мыйзам бузганы үчүн жумуштан берене менен алынганын, документтерин тапшырбай, кабинетти бошотпой, директордун милдетин аткаруучуга тоскоолдук кылганын билдирди. Албетте мындай шартта мыйзамдын чегинде жооп бериши керек. Бул маселенин бир жагы.

Экинчиден, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окуу процесси жүрүп жаткан кезде баш калаадагы №1 мектепинтернатты Тоголок Молдо атындагы №71 мектепинтернатка кошуп, Бишкек мектеп-комплексин түзүү демилгесине жол болсун. Бул “ойлонбой жазылган токтом” эмеспи? Бир мектепти жоюп салуу оңой иш эмес го, акыры.

Жаңы жетекчини кабыл албаган фактылар республиканын аймагына жайылып баратат. Былтыр ноябрда пайдаланууга берилген АкОрдо конушундагы №102 мектептин мугалимдери да жаңы келген директорду кабыл албай койсо, кечээ жакында эле Базар-Коргон районундагы №11 орто мектептин окутуучулар жамааты жаңы директорго каршы чыгышты. Тартип сакталбаса, мектептер митингдин очогуна айланып калбайбы? Билим берүү министри ушуга кабатыр болор бекен?!

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!