Мен билген Төлөмүш Океев
Режиссёрду эскерүү
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Төлөмүш Океев кезинде «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары» тасмаларын жаратып, кыргызды дүйнө элине тааныткан. Режиссёрдун алгачкы тасмасы — “Жылкылар” даректүү фильми эле. Ал эми дипломдук иши – “Бакайдын жайыты” дүйнөдөгү 100 мыкты тасманын катарын толуктаган. Төлөмүш Океев жараткан керемет кинолор СССРдин курамындагы мамлекеттердин кино сынактарында баш байгелерге татыган. Режиссёрдун тасмаларынан кыргыздын нукура жашоосун, маданиятын көрөбүз.
“Sputnik” маалымат агенттиги “Таберик сүрөт” рубрикасында “Кыргыз кереметин” жаратуучулардын бири – Төлөмөш Океевдин сейрек сүрөттөрүн бир нече жолу жарыялашты. Бул сүрөттөрдөн улуу таланттын өтө жөнөкөйлүгүн байкайбыз.
Айтайын дегеним, залкар кинорежиссёрду бала кезимде көрдүм. Бирок, чыгармачыл чөйрөдө таанымал экенине эч акылым жеткен эмес эле. 1988-жылдын күзүндө Ысык-Көлдүн Тоң районунун борбору – Бөкөнбаев айылындагы райондук ооруканада операция болуп, режиссёр менен коңшулаш бөлмөдө дарыландым. “7-палатада Төлөмүш Океев жатат. Жакшылап карайлы. Ал төрткүлдүк режиссёр. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдор менен бирге жүргөн адам”, — деп коридордон өткөн врачтардын, медайымдардын күбүр-шыбыр сүйлөшкөндөрүн угуп калам. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кайра-кайра кайталап окугам. Жазуучуну канча жолу телевизордон көрсөм да “Эрте келген турналар” повестиндеги каарман Султанмураттай элестете берээр элем. А бирок Төлөмүш Океев кандай адам экенин түк элестете албадым. “Мүмкүн менин ата-энем тааныйттыр. Биздин туугандар эмеспи. Ал ким, режиссёр деген ким болду экен”, — деп түрмөктөлгөн ойлордун кучагында калдым. Таң эрте оорулуулардын абалын көрүүгө кирген врачтарды тамашалаганы, аларды күлкүгө салганы биздин палатага жаңырып турат. Ал ооруканадан чыгып кеткиче мындай тамаша далай уланды.
Союз учурунда маданият тармагында эмгектенген адамдар мамлекеттин камкордугуна алынчу. СССРдин эл артисти, киноматографисттердин арасында чоң абройго ээ болгон Төлөмүш Океевдин ошол учурда борбордогу ооруканаларда эмес райондук дарыланганы мага азыр да кызык.
Райондун борборунан бир саатча алыстыкта жайгашкан Карл Маркс колхозунан тамак-ашын көтөрүнүп, ата-энем келет. Сөзсүз 3 литрлик айнек идиште алманын ширеси да бар. Анын оозун ачтырууга 7-палатага баш багам. Режиссёр шадылуу колдору менен банкамдын оозун бир заматта ачып бере салат. Ар бир келген ширени ушул адамга гана ачтырам. Ага да куюп берем. Бирок ал ширеге караганда бозону жакшы көрчү. Кеч кире үйүнө бозого жөнөп калат. Ал басып бара жатканда кепкенедей мага өтө эле узун көрүнчү.
Кеч киргенде ооруканада нөөмөттөгү врач жана медайымдар калат. Дароо 3 литрлик сары сыр идишин көтөрүп, үйүнө кеткен режиссёр тез эле бозо куюп келет. Оорулуулар кечки процедураларын алышкандан кийин Төлөмүш Океев жаткан 7-палатага чогулушаар эле. Бейтаптар, врачтар, медайымдар чогулган бөлмө мен үчүн абдан кызык. Режиссёр студенттик күндөрүнөн тарта бир катар кызык окуяларын айтып берчү. Дасторкон жайылып, кимде эмне болсо ортого жайып тамактанышат. Кечки тамактарына мени да чакырып алышат. Айтор, түн бир оокумга чейин укташпайт. Бардыгынын көзү да, кулагы да Төлөмүш Океевде болчу. Карапайым адамдар арасында мүнөзү бала кыял, жөнөкөйлүгүн, боорукердигин жакындан көрдүм. Ал кишини атамдай жакын адам катары санадым.
Төлөмүш Океев жөнүндө угуп, көрүп, окуп калсам коңшу палатадагы анын образы, элдин арасындагы мүнөзү көз алдыма тартылат. Кыргыздын чыгаан режиссёрунун кыймылы, шайдооттугу, тамашакөйлүгү, адамды өзүнө тарткан көркөм сүрөттөөсү ал тургай, колундагы бозо толо сыр идиши да элестейт. Аттиң, ошондо акылым жетик болгондо “Кыргыз керметин” жаратуучулардын бири – Төлөмүш Океев экенин түшүнмөкмүн. Өкүнгөнүм – жок дегенде университетте окуп калганымда жолуксам, сөзсүз маектешмекмин. Анын чыгармачылыгын сурамакмын.
Асел Барыктабасова