Мэр: Адегенде инженердик тармактар, андан кийин жол курулат

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 170

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбордогу Элебесов, Безымянная жана Кожевенная көчөлөрүндөгү реконструкция иштеринин жүрүшүн текшерди.

Элебесов көчөсүндө мэр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, канализация маселесин талкуулады. «Бишкексууканал» ишканасына үч күн ичинде канализация тармагын куруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп, жооп берүү тапшырылды.

Кожевенная көчөсүндө реконструкцияга тоскоол болгон тосмолорду алуу боюнча тапшырма берилди. Ошондой эле Кыргыз көчөсүнүн Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгүнүн жаңылануу долбоору каралды.

Долбоорго ылайык, 4,1 чакырымдык тилке толугу менен реконструкцияланып, төрт тилкелүү жол, тротуарлар жана ирригациялык система курулат. Учурда жолго чейин канализация түтүктөрү тартылууда.

Мэр жолду куруп алып кийин кайра бузбоо үчүн бардык инженердик иштер алдын ала бүткөрүлүшү керектигин белгиледи. Жаңы канализация тармагы болжол менен 2 миңге жакын тургунду камсыздайт.

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 170
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X