«Милиционердин үйүндө кооптуу болсо, аялдар кантип корголот?» — Акыйкатчы
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын билдирген Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын жубайынын коопсуздугун камсыздоого Ички иштер министрлигин чакырды.
Акыйкатчы аялга карата эч кандай кысым көрсөтүлбөшү керектигин жана балдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары корголууга тийиш экенин белгиледи.
«Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш күчөтүлүп жаткан учурда укук коргоо органынын кызматкерине карата зомбулук боюнча даттануу түшүп, анын коргоо ордерин бузганы тууралуу маалыматтын чыгышы ачуулантпай койбойт. Жарандарды коргоого милдеттүү адамдын өз үйүндө кооптуу жагдай түзүлсө, аялдар менен балдардын укуктарын коргоонун натыйжалуулугу жөнүндө кантип сөз кылууга болот?» — деди Жамиля Жаманбаева.
Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери, айрыкча жетекчилик кызматта иштегендер, мыйзамды урматтап, кызматта да, жеке жашоосунда да тартиптин жана адептүүлүктүн үлгүсү болууга тийиш экенин баса белгиледи.
Акыйкатчы ИИМдин жетекчилигин мындай фактыларга жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды. Анын айтымында, кызматтык абал жабырлануучуга кысым көрсөтүү же жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонулбашы керек.
Белгилей кетсек, 26 жаштагы милиция кызматкеринин жубайы маегинде үч жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин билдирген. Ошондой эле ал күйөөсү кол алдындагы кызматкерлерине карата ыдык көрсөткөнүн айтып, милиционердин кызматтык формачан түшкөн адепсиз сүрөтүн жарыялаган.