Уурдалган кыздын өлүмү тууралуу ишти иликтеп жаткан милиционерлерге карата текшерүү жүргүзүлөт. Мааалыматка ылайык, иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарында сөөгү табылган кызды уурдоо боюнча сотко чейинки процесстин үстүнөн иштеп жаткан милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттери текшериле баштады.
Буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кеткен факт катталып, 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.