Министр Баткендеги жабыркаган билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусунун Баткен шаарындагы, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышты. Эске сала кетсек, куралдуу кагылышуу маалында Максат айылындагы «Максат» орто мектеби талкаланып, жараксыз абалга келген. Буга чейин бул мектепте 200-300 окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенген. Министр мектепти кайра оңдоо иштери жакынкы убакта башталат, жаңы окуу жылынын башында балдардын мектепке барып билим алышына шарт түзүлөөрүн билдирди.