Министр Бейшеналиев уу коргошун жөнүндө түшүндүрдү

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 26

“Мурда коронавирус болгондор быйыл кайрадан ооруга чалдыгышты.  Ал эми бул жылы жаңыдан жуктуруп алгандар  катуу ооруп жатышат. Буга карабай биз карантинди киргизе албайбыз. Себеби, экономикабыз көтөрө албай калат. Ошондуктан, санитардык эрежени сактагыла”- деди Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.Бейшеналиев маалымат жыйынында.  

Ал эми буга чейинки талкуу болуп жаткан уу коргошундун же болбосо “Ысык-Көл тамыры” суюктугунун эч кандай зыяны жок экендигин айтып,  өзү жыйын учурунда ичип көргөздү. “Бул уу коргошунду Өлкө башчы Садыр Жапаровдун  атасы кандай даярдаларын көрсөткөн экен, 15 күндөн бери Президент өзү өлчөмүн айтып, көрсөтүп берүүдө.  Биз даярдап, ар бир дарыгерге кандай ичүү керектигин үйрөтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө 300 бейтапка берилип жакшы жыйынтык көргөздү. Уу коргошунду ичип жатканда дарыгердин көзөмөлүндө болушат” — деди. 

Айтолкун Бадырова

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X