Министрлер Кабинети жарым жылдык ишке баа берди

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 158

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын аткарылышы кеңири талкууланды. Жыйында аткарылган иштерге талдоо жүргүзүлүп, жетишилген көрсөткүчтөр менен катар аткарууда орун алган кемчиликтер да белгиленди. Анын жыйынтыгында иш-аракеттер планынын аткарылыш деңгээли 76 пайызды түзгөнү маалымдалды.

Президенттин Администрациясы жүргүзгөн баалоонун жыйынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, ошондой эле Талас жана Нарын облустарындагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү “эң жакшы” деген баага татыды. Экономика жана коммерция, Финансы, Агартуу, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар, Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрликтери, ошондой эле Чүй жана Ош облустарынын өкүлчүлүктөрү “жакшы” деп бааланды. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын өкүлчүлүктөрү “канааттандырарлык” деген баа алышты. Бул мекемелердин жетекчилерине “эскертүү” түрүндөгү тартиптик жаза колдонулду. Жыйындын чечими менен Энергетика министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Ысык-Көл облусундагы Президенттин өкүлчүлүгү жана Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик “канааттандырарлык эмес” деп бааланды.

2026-жылга иш-аракеттер планын аткарууда “канааттандырарлык” деген баа алган мамлекеттик органдардын төмөнкү жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  М.Рахимовго, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Текебаевге, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Д. Осмоновго карата “эскертүү” тартиптик жаза чарасы  берилди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А.Токтобаевге жана Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Э. Касымовго “сөгүш” жарыяланды. Ал эми Энергетика министри Алтынбек Рысбековго жана Ысык-Көл облусундагы Президенттин өкүлү Бакыт Жетигеновго “эскертүү” берилди. Ошондой эле Энергетика министрине “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчилигине карата тартиптик чара көрүү сунушталды. Министрлер Кабинети бардык мамлекеттик органдарга 2026-жылга карата иш-аракеттер планын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууну, отчеттордун тактыгын камсыздоону жана формалдуу мамилеге жол бербөөнү милдеттендирди.

Жыйында мындан тышкары 2026–2030-жылдарга өнөр жай кластерлеринин экспорттук жана маркетингдик стратегиясы жактырылып, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлордун жүрүшү каралды. Энергетика министрлигине электр тармактарын өнүктүрүү боюнча стратегиялык документ даярдоо тапшырмасы берилди.

Күнболот Момоконов

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 158
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X