Мишустин, Арипов жана Турчин Касымалиевге куттуктоо жолдоп, кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Чет өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевди жана Кыргызстандын элинин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин улуттук майрамга карата куттуктоо катын жолдоду.
«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоомду кабыл алыңыз.
Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү ийгиликтерине, инфраструктуранын өнүгүшүнө, жарандардын жашоо деңгээлинин жогорулашына чын жүрөктөн кубанычтамын.
Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер салттуу түрдө өз ара урматтоо жана өнөктөштүк демине бекем берилгендик менен мүнөздөлөт.
Эки тараптуу сооданы андан ары кеңейтүүгө, өз ара пайдалуу долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга биргелешкен аракеттер жана конструктивдүү диалог көмөк көрсөтөт деп ишенем. Чын жүрөктөн Сизге чың ден соолук, кажыбас энергия жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы жетишкендиктерди каалайм», — деп айтылат катта.
Болгария Республикасынын Премьер-министри Румен Радев Министрлер Кабинетинин Башчысы Адылбек Касымалиевди жана Кыргызстандын элинин майрам менен куттуктады.
«Болгария Республикасынын Өкмөтүн жана өз атымдан Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы — 31-август, Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктоомду билдирүүгө уруксат этесиз.
Учурдан пайдаланып, Болгариянын Өкмөтү Кыргыз Республикасы менен салттуу түрдө достук эки тараптуу мамилелерди андан ары бекемдөө жана тереңдетүү боюнча ишти улантууга, атап айтканда Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгын жана өнөктөштүгүн күчөтүү контекстинде даяр экендигин ырастайм.
Биргелешкен аракеттер менен биз эки тараптуу мамилелердин өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде Европа менен Азиянын ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулуубуздагы потенциалыбызды толук ишке ашыра алабыз деп ишенем.
Кыргыз элине тынчтык, өнүгүү жана бакубатчылык, ал эми Сизге чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү ишмердигиңизде ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат телеграммада.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Министрлер Кабинетинин Төрагасын жана кыргызстандыктарды майрам менен куттуктады.
«Россия Федерациясынын Өкмөтүн жана өз атымдан Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
Достук, жакшы коңшулаштык жана союздаштык принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелери кеңири багыттар боюнча өнүгүүдө. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык бекемделудө, аймактар аралык жана ишкердик байланыштар кеңейүүдө. Евразия экономикалык бирлигинде жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде интеграцияны бекемдөө, көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү андан ары илгерилетүү үчүн активдүү биргелешкен иштерди улантууга даярдыгымды ырастайм. Бул Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берет.
Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн жарандарына бакыт жана өнүгүү каалайм», — деп белгиленет катта.
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевди жана кыргызстандыктарды майрам менен куттуктады.
«Акыркы жылдары Кыргызстанда жетишилген ийгиликтер, мурда болуп көрбөгөн экономикалык өсүү темптери, ошондой эле транспорт, курулуш жана энергетика сыяктуу чөйрөлөрдөгү жаңы инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылууга күчтүү түрткү болуп жатканы шексиз.
Элдерибизди кылымдар бою созулган бир туугандык жана жакшы коңшулаштык байланыштары бириктирерин өзгөчө белгилегим келет.
Өзбекстан Республикасынын Президенти урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиёев менен Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун жакында болгон жолугушууларында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди союздаштык деңгээлине көтөрүү боюнча тарыхый макулдашууга жетишкени мунун ачык далили.
Бул мамилелерди мындай жогорку деңгээлге чыгаруу биздин өкмөттөрдүн кызматташтыгын андан ары тереңдетүүнү талап кылат жана алдыбызга жаңы маанилүү милдеттерди коет.
Мамлекет башчыларыбыздын ортосунда жетишилген бардык макулдашууларды жана алар койгон милдеттерди биргелешип сапаттуу жана толук аткарабыз деп шектенбейм.
Өкмөттөрүбүздүн өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыгы мындан ары да бекемделе берет жана эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгына кызмат кылат деп ишенем. Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматыңызда жаңы жеңиштерди, ал эми бир тууган Кыргыз элине тынчтык жана андан ары өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленет катта.