Монголияны катуу шамал, чаңдуу бороон каптады
Монголиянын Метеорологияжана мониторинг боюнча улуттук агенттиги кечээ, жекшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймагын катуу шамал, чаңдуу бороон каптагандыгын кабарлады. Чаң учурган бороон түштүк тарапта Өмнөговъ жана Дундговъ, батышта Говъ-Алтай жана Баянхонгор аймактарын, борбордук бөлүктө Улан-Батор шаарын, Өвөрхангай, Архангай жана Төв аймактарын камтыды.
Чаңдуу бороондор Монголияда жыл сайын жаз айларында кайталануучу кадимки көрүнүш. Быйыл март айынын орто ченинде эле мындай чаңдуу бороондун жана катуу шамалдын кесепетинен мал баккан он койчу мерт болуп, жүз миңдеген баш мал кырылган.