Москва райондук сотуна жаңы судья дайындалды

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53

Чүй облусунун Москва райондук соту жаңы судья менен толукталды.

3-сентябрда сотто жаңы дайындалган судьянын ант берүү аземи өттү. Ага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышты.

Президенттин жарлыгына ылайык, Шадыбеков Артур Кадырбекович райондук соттун судьясы болуп биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалды.

Сатыев жаңы судьяны куттуктап, кызматында мыйзамдуулук, калыстык жана адилеттүүлүк принциптерин сактоону каалады.

Судьянын ыйгарым укуктары ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X