"Эркин-Тоо"

Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

2021-жылдын 9-сентябрь күнү болжол менен саат 10:47 чамаларында Москва РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Толок айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Дароо Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, кароо учурунда 1972-жылы туулган А.Н.нин жансыз денеси табылган жана анын денесинде бир нече жаракаттары бар экендиги аныкталган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиннин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 1968-жылы туулган Ш.А., кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Алдын ала маалыматтын негизинде бул кылмыш эки жарандын ортосундагы пикир келишпестиктен спирт ичимдигин ичип отурган кезде чыккан уруштун негизинде болгондугу белгилүү болгон.
Азыркы учурда бардык керектелүүчү экспертизалар дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!