Москвада кыргыздын салттуу музыкасынын концерти ийгиликтүү өттү
2025-жылдын 7-июнунда Москва шаарындагы П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын Рахманинов залында XXIV Эл аралык «Үндөр ааламы» музыкалык фестивалынын алкагында «Кыргыздардын салттуу музыкасы — кылымдардын мурасы» аттуу концерт ийгиликтүү өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого багытталып, кыргыз элинин бай музыкалык мурасын эл аралык коомчулукка таанытууну максат кылды.
Концерт П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору тарабынан биргелешип уюштурулду.
Кыргызстандын чыгармачыл делегациясын белгилүү этномузыка таануучу, коомдук ишмер, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Роза Аманова жетектеди.
Концерттик программа кыргыз элинин салттуу музыкалык өнөрүнүн негизги багыттарын камтып, көрүүчүлөргө манасчылык, акындык жана дастанчылык өнөрдүн мыкты үлгүлөрүн тартуулады. Ошондой эле улуттук аспаптык музыка жана вокалдык-аспаптык чыгармалар аткарылып, кыргыз маданиятынын өзгөчөлүктөрү кеңири чагылдырылды.
Кеченин жүрүшүндө акын-импровизаторлордун төкмө өнөрү жаңырып, улуу «Манас» эпосунан «Манас менен Коңурбайдын кармашы» эпизоду, ошондой эле «Саринжи-Бөкөй» эпосунан үзүндүлөр сунушталды. Мындан тышкары комуз, ооз комуз, чоор, чопо-чоор, сыбызгы жана чогойно-чоор сыяктуу улуттук аспаптардын коштоосунда кыргыздын белгилүү күүлөрү аткарылып, көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Вокалдык-аспаптык бөлүктө кыргыздын классикалык автордук ырлары жаңырып, улуттук музыкага мүнөздүү болгон коңур үн дүйнөсү жана кыргыз лирикасынын көркөмдүгү даңазаланды.
Концертке Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын маданият өкүлдөрү, окумуштуулар, искусство ишмерлери, студенттер жана Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын соңунда көрүүчүлөр кыргыз өнөрпоздорунун жогорку чеберчилигине жогору баа берип, аларды узакка созулган кол чабуулар менен узатышты. Концерт кыргыз элинин бай музыкалык мурасын дүйнөлүк маданий мейкиндикте жайылтууга жана эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү маданий окуялардын бири болду.