Мраморное айылында жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморное айылындагы мектептин окуучулары үчүн жаңы окуу корпусу курулуп, жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилди.
275 орунга ылайыкталган жаңы имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Долбоордун жалпы баасы 111 миллион сомду түзүп, корпустун аянты 1975 чарчы метр болду.
Жаңы имаратта окуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Бул жерде заманбап окуу класстары, китепкана, лаборатория жана жыйындар залы жайгашкан. Мындан тышкары, окуучулардын спорттук машыгуулары үчүн жайкы аянтча да курулду.
Курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынды.
Жаңы корпус мектептеги орун тартыштыгын азайтып, эки нөөмөттө 600гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзөт.
Жаңы имарат — айылдагы балдар үчүн заманбап билим алууга түзүлгөн дагы бир маанилүү мүмкүнчүлүк.