МСК кызматкерлеринин жарымынан көбү эмдөөдөн өтүштү

24-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 19

КР Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөндүгүн билдирди.

«23-августуна карата карата салык кызматынын 1351 кызматкери вакцинациядан өткөн, бул иш жүзүндөгү санынын 55,4% түзөт. Анын ичинен  1292 -аймактык салык органдарынын кызматкерлери жана 59 — борбордук аппараттын кызматкерлери.

Вакцинация жүргүзүү өнөктүгүнүн алкагында борбордук аппаратта жана ведомствонун аймактык башкармалыктарында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу максатында, иммундаштыруу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө»,- деп маалымдайт МСКнын басма сөз кызматы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X