Муфтият Рафаэль Физиевдин айткандарына жооп берди

14-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 29

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы UFC мушкери Рафаэль Физиевдин муфтиятка карата айткандары тууралуу комментарий берип, мушкердин айткан нааразычылыктарына муфтияттын эч кандай тиешеси жоктугун маалымдашты.

«Физиевдин айткандарына Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эч кандай тиешеси жок. Муфтият кимдир бирөөнү коркутуп-үркүтүү менен алектенбейт. Өзүнүн уставдык миссиясы бар, ошонун негизинде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, агартуучулук аракеттерин көрүп келет. Маселен, учурда эң актуалдуу болуп жаткан үй-бүлө, ысырапкерчилик жана ислам дининин баалуулуктарын жайылтуу менен алектенет. Физиевдин муфтиятка карата айткан сындарын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы туура эмес деп эсептейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Рафаэль Физиев бүгүн Кыргызстандан кетери тууралуу Instagram баракчасы аркылуу билдирүү жасап, мындай кадамга барышына анын дин тутуу укугуна карата Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун белгилеген. Ал ошондой эле мындан ары Кыргызстандын желеги менен беттештерге чыгууну токтоторун айткан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X