"Эркин-Тоо"

Мугалимдерди саясий иш-чараларга тартууга тыюу салууну депутат Адахан Мадумаров сунуштады

Мугалимдерди саясий иш-чараларга тартууга тыюу салууну депутат Адахан Мадумаров сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июнда социалдык саясат комитетинин жыйынында айтты.

Эл өкүлү «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамды кабыл алуу жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

«Мугалимдерди саясий иш-чараларга тартууга тыюу салууну сунуштайм. Азыр балээге калгандар эле мугалимдер болуп калды. Бишкектен ким барса эле мугалимдерди жыйнайт. Саясий иш-чара болсо эле мугалим менен окуучуну топтойт, залга киши толбой калса студенттерди топтойт. Буга тыюу салыш керек», — деди ал.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!