Мугалимдерге 178 млн сомдук кызматтык унаалар берилди

13-май, 2026-ж. / Редакция / Билим 1712

Бүгүн, Адылбек Касымалиев Агартуу министрлигине 91 кызматтык унаанын ачкычын тапшырды. Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы билим берүү тармагын колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, ата мекендик Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү ар бир унаага 1 миллион 827 миң 700 сом каражат жумшалган.

Адылбек Касымалиев мугалимдердин коомдогу орду жана жоопкерчилиги өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, жаңы кызматтык унаалар билим берүү тармагындагы ашыкча чыгымдарды азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

Ошондой эле ал бул унаалар айрыкча алыскы райондордо эмгектенген агартуучулардын ишин жеңилдетүүгө жардам берерин кошумчалады.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X