"Эркин-Тоо"

Мугалимдерге «Кыргыз Эл Баатыры» наамы берилет

Президенттин демилгеси менен мугалимдерге «Кыргыз Эл Баатыры»наамы берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу  Каныбек Иманалиев  министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаровдун  катышуусунда өткөн жыйында билдирди.

Министрдин милдетин аткаруучу жыйындын жүрүшүндө билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды атады:

Президенттин демилгеси менен эки мугалимге «Кыргыз Эл Баатыры»наамы берилет;

«Жылдын мыкты мугалими»сынагынын жеңүүчүсүнө квартира, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт;

Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерге квартира берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү максаты көздөлүүдө;

Дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар берилет;

Президенттин демилгеси менен жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулуп жатат. Ал жакынкы жылдарда ишке кирет.

Каныбек Иманалиев президент тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо билим берүүгө болгон чоң ишеним, чечкиндүү кадам экендигин белгиледи.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!