Мунай рыногундагы туруксуздук
Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кескин жогорулады. 15-сентябрдагы биржалык соодада Brent маркасындагы мунайдын баасы 108 доллардан ашса, WTI мунайы 105 долларга жакындады. Баанын өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу жана мунай жеткирүүлөрүнүн үзгүлтүккө учурашы тууралуу кооптонуулар себеп болууда.
Сауд Арабиясында мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурады
Мунайдын кымбатташына түрткү болгон негизги окуялардын бири – Сауд Арабиясындагы стратегиялык мунай куурунун ишинин убактылуу токтотулгандыгы, өлкөнүн мунай ташуу инфраструктурасына байланыштуу жаралган логистикалык кыйынчылыктар себеп болууда.
Дрон чабуулунан кийин өлкөнүн чыгышындагы мунай кендерин Кызыл деңиздеги Янбу порту менен байланыштырган «Чыгыш–Батыш» мунай кууру жабылган. Анын кубаттуулугу күнүнө болжол менен 4 млн баррелди түзөт. Бул дүйнөлүк рынокко сунушталган мунайдын көлөмүнүн болжол менен 4%ын түзөт.
Куурдун ишинин токтошу менен Сауд Арабиясынын Кызыл деңиздеги Янбу портунан мунай жүктөөлөрү үзгүлтүккө учураган. Натыйжада өлкө европалык кардарларына сентябрдын аягына пландалган айрым мунай жүктөрүн жеткире албай турганын билдирген. Бул маалымат мунай рыногундагы тынчсызданууну күчөттү. Анткени, Сауд Арабиясы дүйнөдөгү ири мунай өндүрүүчү жана экспорттоочу өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
Кызыл деңиз жана Ормуз кысыгында
Мунайдын баасына таасир эткен дагы бир фактор, мунай ташуучу кемелер өтүүчү маанилүү деңиз жолдорундагы коопсуздук маселеси. Мында айрыкча Ормуз кысыгынын мааниси чоң. Бул аймак аркылуу дүйнөлүк мунай соодасынын олуттуу бөлүгү өтөт. Акыркы күндөрү кысык аркылуу өткөн кемелердин саны кескин азайганы
байкалган.
Кызыл деңиздеги коопсуздук көйгөйлөрү мунай ташууларды татаалдаштырууда. Кемелердин айрымдары кооптуу аймактарды айланып өтүүгө аргасыз болуп, бул жеткирүү убактысын жана чыгымдарын көбөйтүүдө. Ошондуктан, азыркы рынокто маселе мунайдын өзү гана эмес, аны өндүрүүчү өлкөлөрдөн керектөөчүлөргө өз убагында жеткирүү мүмкүнчүлүгүндө маселе жаралып жатат.
Европа башка булактарды издей баштады
Сауд Арабиясынан мунайдын айрым партиялары токтотулгандан кийин европалык мунай иштетүүчү компаниялар башка альтернативдүү жеткирүүчүлөрдү издей баштады. Мисалы, Польшанын Orlen компаниясы Сауд Арабиясынан келген мунайдын ордун толтуруу үчүн АКШ, Алжир, Гайана жана Түндүк деңизинен мунай сатып алуунун жолдорун карап жатат. Ошол эле учурда компания азырынча мунай менен камсыздоодо олуттуу үзгүлтүк болбогонун билдирген. Бул жагдай дүйнөлүк рыноктун мунай жеткирүүдөгү өзгөрүүлөргө канчалык тез реакция кыларын көрсөтөт.
Кыргызстанга кандай таасири болушу мүмкүн?
Дүйнөлүк мунайдын баасынын өсүшү Кыргызстан үчүн да маанилүү. Себеби, өлкөнүн күйүүчү май рыногу импорттук жеткирүүлөргө олуттуу көз каранды. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, республикада мунайзаттарга болгон керектөөнүн басымдуу бөлүгү импорттун эсебинен камсыздалат.
Кыргызстанда күйүүчү май менен ички рынокту үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси азыркы учурда өкмөттүн көңүл борборунда турат.
Дүйнөлүк баанын өсүшү Кыргызстандагы бензин жана дизель майынын баасына түздөн-түз ошол эле көлөмдө таасир этет деп айтууга болбойт. Ички рыноктогу баага импорттук баадан тышкары ташуу чыгымдары, валюта курсу, салык жана акциздер, күйүүчү майга болгон суроо-талап жана ички запастар да таасир берет. Бирок, мунайдын кымбатташы узак убакытка созулса, анын таасири күйүүчү майдын баасы аркылуу транспортко, жүк ташууга жана айыл чарбасына өтүшү мүмкүн. Өзгөчө дизель майынын баасынын өзгөрүшү айыл чарба өндүрүшүнүн чыгымдарына таасир этпей койбойт.
Баа дагы өсөбү?
Муну азыр так айтуу мүмкүн эмес. 16-сентябрдагы соодада Brent мунайынын баасы бир аз төмөндөп, 107,8 2 долларды түздү. Буга АКШдагы чийки мунай запастарынын күтүлгөндөн көбүрөөк жогорулоосу себеп болду. Ошол эле учурда Сауд Арабиясында мунай жеткирүүлөрүнүн үзгүлтүккө учурашы жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дүйнөлүк мунай рыногундагы негизги тобокелдиктердин бири бойдон калууда. Рыноктогу катышуучулар аймактагы окуяларга жана мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн кийинки кадамдарына көз салып турушат. Эгер мунайдын ири көлөмүн экспорттоо үзгүлтүккө учураса, дүйнөлүк рынокто сунуш азайып, баанын кайрадан өсүшүнө шарт түзөт. Ал эми жеткирүүлөр тез арада калыбына келсе, баага болгон басым бир аз басаңдашы ыктымал. Мындан тышкары, АКШдагы мунай өндүрүшүнүн көлөмү жана дүйнөдөгү күйүүчү майга болгон суроо-талап да баанын багытына таасир этет. Ошондуктан, азырынча мунай рыногундагы кырдаал туруксуз бойдон калууда.
Демек, мунайдын азыркы кымбатташынын негизги себеби – дүйнөлүк рынокто мунайдын жетишсиздиги жаралышы мүмкүн деген кооптонуу. Сауд Аравиясындагы мунай инфраструктурасына жасалган чабуулдар, ошондой эле Кызыл деңиздеги жана Ормуз кысыгындагы коопсуздук көйгөйлөрү дүйнөлүк мунай рыногундагы туруксуздукту күчөтүүдө. Ал эми кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү мунайдын дүйнөлүк баасына гана эмес, мунайзат импорттогон өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизиши ыктымал. Ички рыноктогу баа дүйнөлүк мунайдын котировкасына гана эмес, импорттук баага, ташуу чыгымдарына, валюта курсуна жана өлкөдөгү күйүүчү майдын запасына да байланыштуу болот. Ошондуктан, мунайдын дүйнөлүк баасынын азыркы өсүшү Кыргызстан үчүн да көз салып турууну талап кылган экономикалык факторлордун бири болуп саналат.
Бактыгүл Кулатаева