Мунарбек Сейитбек уулу Стамбулдагы турнирде алтын утту

6-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21

5-апрелде Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Стамбул шаарында өткөн “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 29-марттан 5-апрелге чейин Түркиянын Стамбул шаарында уюштурулган.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг салмак категориясында күч сынашып, турнирдин бардык баскычтарынан ийгиликтүү өттү. Алгачкы айлампада өзбекстандык Тилав Супоновду жеңсе, чейрек финалда австралиялык Дарси О’Маллейди утуп чыкты.

Жарым финалда германиялык Денис Бриль менен беттешип, аны 5:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Чечүүчү финалдык беттеште кыргызстандык мушкер украиналык Иван Завадскийди 5:0 эсебинде утуп, турнирдин чемпиону болду.

6-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X