Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында «Ынтымак Ордодо» «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттар тапшырылды. Сыйлыктарды Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.
Төрага сынак 2013-жылдан бери мамлекет башчынын тапшырмасы менен өткөрүлүп келе жаткандыгын белгилеп, эки жыл мурун акчалай сыйлыктын көлөмү көбөйтүлгөнүн айтты: «2023-жылы айыл өкмөттөрдүн ишин баалоо критерийлери өзгөртүлүп, байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн. Бул өзгөртүүлөр айыл өкмөт башчыларынын демилгелерин жана жергиликтүү долбоорлорду колдоодо маанилүү болуп саналат.»
Иш-чарада айыл өкмөттөрүн 2 топко бөлүп сыйлык ыйгарышты. Биринчи тобуна алыскы бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айыл өкмөттөрү кирсе, экинчи топко – калган башка бардык айыл өкмөттөрү кирди.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
1-орун – Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтү (3 млн сом);
2-орун – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтү (2 млн сом);
3-орун – Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтү (1 млн сом).
Экинчи тайпада жеңүүчүлөр:
1-орун – Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү (3 млн сом);
2-орун – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтү (2 млн сом);
3-орун – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтү (1 млн сом).