Мыктыбек Абдылдаев дүйнө салды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Мыктыбек Абдылдаев 73 жаш курагында көз жумду.
Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстандын Башкы прокурору, ички иштер министринин биринчи орун басары, Президенттик администрациянын жетекчиси жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматтарында эмгектенген.
2010-2021-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетти жетектеген.
Акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.