«Нарын» ЭЭАсы WFZO уюмунун толук укуктуу мүчөсү болду
«Нарын» эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) World Free Zones Organization (WFZO) эл аралык уюмунун толук укуктуу мүчөсү макамын алып, добуш берүү укугуна ээ болду.
Маалыматка ылайык, аталган чечим Кыргызстан үчүн эл аралык инвестициялык аренада өз позициясын бекемдөөгө жана глобалдык өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Жаңы макам «Нарын» ЭЭАсына эл аралык тажрыйбага кеңири жетүүгө, чет элдик инвесторлор менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө жана уюмдун алкагындагы чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катышууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары, бул өзгөрүү аймактын инвестициялык жагымдуулугун арттырып, жаңы долбоорлорду тартууга, ошондой эле кошумча жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болору күтүлүүдө.