Нарын шаарындагы чайханада чыккан өрттөн жаш кыз жаракат алды
Нарын шаарындагы “Изумруд” чайханасынын 25 чарчы метр жайы күйүп, анын кесепетинен 20 жаштагы кыз 1-даражадагы күйүк алган. Өрттүн себеби азырынча такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындан сырткары, өлкөдө 20 өрт кырсыгы катталган: Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 4, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 3, Баткен облусунда 1. Өрттү өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.