Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу ачылды

23-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 26

Тоодон таш кулап, кооптуу абал жаралгандыктан убактылуу жабылган Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу кайрадан ачылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жолдун абалын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, жеринде кароо жүргүзүлгөндөн кийин мындай чечим кабыл алынды. Кароо учурунда №41 жол тейлөө ишканасы тарабынан жол тазаланып, кеңейтилип, коопсуз абалга келтирилди.

Эске салсак, 8-март күнү аталган жолдун «Жаңы-Жол» тилкесинде тоодон шагыл аралаш таш кулап, айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн коркунуч жаралган. Мындан улам жол убактылуу жабылган.

23-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X