НАРЫНДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МЕДИЦИНА БОРБОРУНУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Миграция 86

Нарын шаарында калктын саламаттыгын сактоо тармагындагы маанилүү жаңылык! «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин каржылык колдоосу менен курулган Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.

Жалпы аянты 1 420 чарчы метрди түзгөн заманбап имаратта бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар каралган.Возможно, это изображение один или несколько человек, больница и текст

Медициналык мекемеде үй-бүлөлүк дарыгерлер менен катар хирург, кардиолог, эндокринолог, офтальмолог, педиатр, онколог, психиатр жана кулак-мурун-тамак оорулары боюнча адистердин кабинеттерине орун берилген.

Мындан тышкары, бейтаптар рентген-диагностика, УЗИ, ЭКГ жана ЭхоКГ текшерүүлөрүнөн өтө алышат. Борбордо кан алуу бөлмөсү, күндүзгү стационар, эне жана бала кабинети, стерилдөө бөлмөлөрү жана башка зарыл кызматтык жайлар да жабдылган.

Жаңы имарат — Нарын облусунун тургундары үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган маанилүү кадам. Заманбап шарттар бейтаптарды кабыл алууну уюштурууга жана калкка ар түрдүү багыттагы медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Миграция 86
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X