Нарында жаш келинди атка сүйрөтүп өлтүргөн эркек, өмүр бою эркинен ажыратылды
Нарында Кочкор райондук соту 23 жаштагы келинди өлтүргөн эркекти өмүр бою эркинен ажыратып, 150 миң сом айып пул салды. Өкүм 20-апрелде чыккан, беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, келиндин сөөгү 23-январда Тынай-Булак кыштоосунан табылып, ал атка сүйрөтүп өлтүрүлгөн болчу.
Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүндө, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук акыркы жылдары14%га жогорулап, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Өлкөдө жыл сайын бир нече аял зомбулуктун курмандыгы болот.