Нарында жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады

Нарында жол кырсыгынын кесепетинен, анын ичинен бир оспурум жаракат алышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирет. Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 437-чакырымында Toyota Sequoia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

 «Кырсыктын кесепетинен 4 адам (1951-ж.т. Ж.Т., 1953-ж.т. Ж.К.,1974-ж.т. Б.Ж., 2006ж.т. К.уулу Т.) ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Жерине Ат-Башы райондук №45 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып жабыркагандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришти», -деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X