Нарындын көмүрү Бишкектин ЖЭБине биринчи жолу темир жол менен жеткирилет

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107

Нарын облусунан казылган көмүр Бишкектин жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) биринчи жолу темир жол аркылуу жеткирилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Көмүр ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 миң тоннага жакын 15 вагондон турган курам даярдалды.

Ишкананын маалыматына ылайык, көмүрдү темир жол менен ташуу автоунаа жолдоруна түшкөн жүктү азайтып, отунду ири көлөмдө тез жеткирүүгө жана Ысык-Көлдүн экологиясына жүк ташуучу унаалардын терс таасирин кыскартууга мүмкүндүк берет.

Көмүр 2026-жылдын 25-июлунда ачылган Балыкчы — Кочкор жаңы темир жол тилкесиндеги станцияда жүктөлүүдө.

Буга чейин бул багыттан көмүр негизинен автоунаалар менен ташылып келген.

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X