Ноокат районунун прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Ч.Ахматовдун катышуусунда Ош областынын Ноокат районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарада Ч.Ахматов прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлер үчүн тийиштүү иш шарттарын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы имараттын пайдаланууга берилиши райондук прокуратуранын ишин натыйжалуу уюштурууга, жарандарды кабыл алуунун сапатын жогорулатууга жана алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.Возможно, это изображение текст
Жаңы административдик имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иш алып баруусу жана жарандарды кабыл алуу үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздалган.

Белгилей кетсек, мамлекет жетекчилигинин колдоосу менен прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иштери өлкө боюнча этап-этабы менен улантылууда.

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X