Нооруз-2026: Борбор калаадагы майрамдык иш-чаралардын тизмеси

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34

21-мартта Бишкек шаарында Нооруз майрамы белгиленип, бардык райондордо майрамдык иш-чаралар өтөт.

Маалыматка ылайык, Свердлов районундагы майрам Карагач токоюнда саат 12:00дөн 16:00гө чейин уланат. Бул жерде боз үйлөр тигилип, улуттук каада-салттар көрсөтүлөт. Ошондой эле концерт, спорттук мелдештер, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана улуттук тамак-аш жарманкеси уюштурулат.

Октябрь районунда иш-чаралар Ынтымак-2 паркында өтөт. Концерт менен катар аркан тартыш, тогуз коргоол сыяктуу оюндар өткөрүлөт.

Ленин районунда майрам “Газпром — балдарга” спорт комплексинде саат 14:00дө башталат. Бул жерде концерттер, этно-шаарча, көргөзмөлөр жана мастер-класстар уюштурулат. Мындан тышкары, Ашар паркында да кошумча иш-чаралар болот.

Биринчи Май районунда Нооруз Ак-Босого конушунда белгиленип, боз үйлөр тигилип, элдик оюндар ойнолуп, концерттик программа тартууланат.

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X