Нурипа Муканова:«Коррупция менен күрөшүү үчүн бүтүндой бир система менен курөшүү керек»
Нурипа Муканова КР Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин төрайымы:
«Биздин кеңештин негизги максаты — коомчулуктун пикирин, коррупцияга байланышкан көйгөйлөрдү бийликке, тактап айтканда Президентке түздөн түз жеткирүү. Бирок, өлкө башчысы жарандык коомдун колдоосу болбосо, өзү жалгыз жемкорлук менен күрөшө албайт, анткени коррупция менен күрөшүү үчүн 30 жылдан бери тамырын жайып, дээрлик баардык маанилүү тармактарды курчап алган системаны түп тамырынан жок кылышыбыз керек. Моюнга алышыбыз керек, жемкорлук адамдардын аң-сезимине, күнүмдүк жашообузга сиңип калган. Ал дененди уулаган жаман дарт сыяктуу мамлекетибизди өстүрбөй, кайра артка тартууда. Биз аны дароо эле жок кыла албасак дагы, кол куушуруп отурбастан, системалык түрдө күрөш жүргүзүшүбүз керек.
Учурда КР да 24 минден ашуун бейөкмөт уюм иш алып барат, бирок Кеңештин курамына коррупция боюнча так конкреттүү сунуштарын билдирген уюмдар гана мүчө болуп кире алышат.
Коррупция менен күрөшүү дүйнө жүзүндө актуалдуу маселе. Катардан калбай Кыргызстан дагы өз аракеттин көрүп келет.Биз баардыгыбыз «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», коррупцияга каршы бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзгөндө гана аны жеңе алабыз».