Бишкек ЖЭБдин жетекчилигине Нурлан Өмүркул уулу экинчи ирет келгенде айрым түшүнүгү тарлар бул инсанга карай баткак чачышып, бир жактуу каралап калышканы бар. Ыплас каралоолорго моюн бербей, иштей берүүнү көздөгөн жетекчи Нурлан мырза жылдагыдан сууктугу менен айырмаланган кыш күрөөдө калаа тургундарын үшүткөн жок. Башкы олжо ушул болду. Ушул күндөрү Бишкек ЖЭБди шаардык мэриянын курамына өткөрүү менен Энергетика министрлиги чоң өлчөмдө грант алууну көздөп жатканы, келечектүү бул иш үчүн каарманыбыз “кара жумушту” катыра аркалап жаткандыгы кабарланды. Биз бул жагынан өзүнө байланышканыбызда жакынкы күндөрү жаңылыктары менен бөлүшүүгө убада берди. Күтө туралы. Баса, Нурлан мырзанын жетекчи катары Бишкек шаарын ыштан арылтуу боюнча да демилгелүү пландары бар экен. Бул жагынан алдыңкы күндөрү сөз козгомокчубуз.